• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Asia+: Түркия Тажикстанга берген террорчу Кыргызстандын жараны болуп чыккан

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Asia+: Түрк полициясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 12-майында Сирия менен чек арасында атайын чараларды жүргүзүүдө жаш жигитти кармалган. Анын жанында Тажикстандын жараны 28 жаштагы Хидоятулло Давлатовдун атына таандык паспорт табылган. “Ислам мамлекетинин” согушчандарына кошулууга ниеттенген кармалган адам түрк атайын кызматтары тарабынан Тажикстанга берилген.

Бирок, Тажикстан ИИМи билдиргендей, тажик тараптын тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адам 23 жаштагы өзбек улутундагы Кобилджон угли Хасанбой Кыргызстандын Ош облусунун Өзгөн шаарынан экендиги аныкталган.

“Ал Тажикстандын жаранынын паспортун мыйзамсыз жана кылмыш жасоо максатында колдонгон”, - деп белгилейт Тажикстан ИИМи.

Бул факт боюнча тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий