• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москвада Аскар Акаевдин жаңы китеби жарык көрдү. Ал 499 рублдан сатылууда

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев менен анын кызы Бермет Акаеванын жаңы китеби жарык көрдү.

"Санарип экономика доорунда жаңы Жибек жолундагы Кыргызстан" аталышындагы китеп ушул жылдын январь айында басылып чыккан.

Кыргызстандын келечеги тууралуу ой жүгүрткөн авторлор, 2030-жылдарга карата Кыргызстан үчүн жакшы келечек үчүн кандай стратегия керектигин, билим берүү тармагында революциялык өзгөрүштөрдү жасай алабы деген жана башка суроолорго жооп издейт.

Китеп россиялык "URSS" басмасында басылып чыккан. Ал басманын сайтында китеп 499 рублдан сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий