• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аскар Салымбеков: Жаңы стадион куруу керек, "Спартак" эскирди

Спорт 0


Бишкек, 24,01.19. /Кабар/. "Спартактын" (Д.Өмүрзаков атындагы стадион) ордуна жаңы стадион куруу мезгили келди. Мындай билдирүүнү бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен жолугушуу учурунда ишкер Аскар Салымбеков билдирди.

Анын айтуусунда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион учурда эл аралык стандарттарга жооп бербейт.

"Биздин "Спартак" стадионубуз эскирди. Жаңысын куруу боюнча талкуулар болууда. Эл аралык талаптарга жооп берген, заманбап стадион керек. Бул маселени өкмөт чечет деп ойлойм. Хорватияда деле жок, бирок учурда алар чогулуп куруп жатышат. Эмне үчүн биз андай кыла албайбыз?", - деди Салымбеков.

Ошондой эле ал бийликти жер бөлүп берүүгө чакырып, ал эми колунда бар адамдарды футболдун өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууга үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий