• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аскаров: Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом туура колдонулушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 17.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом негиздүү пайдаланылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясынын биринчи жыйынында билдирди.

Сынак комиссиясынын катчылыгы катары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик долбоорлорду тандоонун системасы менен тааныштырды.

Долбоорлорду тандоодо территориялык артыкчылык, ар бир аймактын кластердик принциби жана жумуш орундарды түзүү боюнча аныктоо негизги критерий болот.

Комиссиянын төрагасы, Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров сунуштарды уккан соң, тез арада долбоорлорду кабыл алууну ишке ашыруу керектигин айтты.

«Ошол эле учурда долбоорлорду кабыл алуунун системасына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Көп долбоорлор иштеп кеткендей болушу зарыл. Айрым ишкерлердин долбоор түзүүдө тажрыйбасыз болгондуктан, чала иштелип калган, кээси бекитилген критерийге туура келбей калууда. Ошондуктан критерийди жеңилдетүү керек”, - деди ал.

Замирбек Аскаров барынан биринчи долбоорлордун каржылоосу аймактардын деңгээлин көтөрүүгө багытталышы керектигин баса белгиледи.

«Программа социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган. Бизнести өнүктүрүүгө негизделген программалардын ичинен мыктысы болуш керек. Критерийлерди так тандагандан кийин, долбоорлорду каьбыл алуу процессин баштоо керек», - деди вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаров сынак комиссиясынын катчылыгына үч жумуш күндүн ичинде инвестициялык бизнес долбоорлорду , инфраструктуралык жана өнүгүү программаларды тандоо боюнча критерийлерди иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий