• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскаров: Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар бизнести колдоого багытталышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар бизнести колдоого багытталышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларды тандоо боюнча сынактык комиссиянын кезектеги жыйынында айтты.

«Албетте, биз ишкерликтин бардык түрүн, анын ичинде ири бизнеске жардам көрсөтүүгө даярбыз. Бирок бул каражаттар айылды же районду өнүктүрө турган чакан жана орто бизнести түзүүгө же өнүктүрүүгө арналган. Муну менен биз көптөн бери ишкерликти баштай албай жүргөндөргө жардам беребиз. Бул кооз бизнес-пландар эмес, ар бир аймактын өзгөчө артыкчылыктарын кластердик өнүктүрүү принциптерине шайкеш келген долбоорлор болууга тийиш», - деп баса белгиледи вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Бүгүн Сынак комиссиясынын кароосуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Ош шаарынан 18 бизнес-долбоор сунушталган.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча 7 долбоор жактырылды. Жакынкы убактарда, Кыргыз Республикасы Финансы министрлиги документтерди изилдеп чыккан соң алар боюнча каржылоо башталат. Тандоо критерийлерине дал келбестигине байланыштуу дагы 7 долбоор толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

«Биз ар бир жыйында долбоорлорду жөн эле талдап койбостон, бир топ маалымат алабыз. Тигил же бул аймакта кандай долбоорлор керектигин жана колдоо маанилүү экендигин ачык көрөбүз. Сынак комиссиясынын биринчи жыйыны өткөнүнө бир ай болду. Долбоорлор дагы эле аз. Тапшырылган документтердин саны боюнча силердин ишиңерге, калк менен канчалык деңгээлде тыгыз иштешип жатканыңарга баа берүүгө болот. Бул багыттагы иштерди жакшыртуу зарыл», - деди ал.

Сынак комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жумада өтөт. Комиссиянын мүчөлөрү өлкөнүн бардык облустарында 100 жакын долбоорду карап чыгууга ниеттенүүдө, анын ичинде бүгүнкү күнү толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлгөн долбоорлор бар.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бизнести колдоо аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий