• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Аскаров: Ар бир продукция маркаланган болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 29.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Ак-Куу» ААК (Сокулук канаттуулар фабрикасы) жумуртка өндүрүү жана даяр азыктарды чыгаруучу канаттуулар ишканасына барды.

2018-жылдын декабрынан тарта «Ак-Куу» ААК жумуртка үчүн Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына жооп берген тамга басуу жабдууларын орноткон. Канаттуулар фабрикасында өндүрүлгөн жумурткаларда чыгарылган күнү, продукциянын сапат категориясы, ошондой эле товарды көзөмөлдөө үчүн башка маалыматтар камтылат.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, тамга басылган атамекендик продукцияны сатып алуу менен жарандар сапаттуу продукту же товар сатып алуу кепилдигин алышат.

«Тамга басуу (маркалоо) – бул алды менен ар бир товардын сапатынын кепилдиги, анын мамлекеттик стандарттарга жана башка талаптарга дал келүүсү. Калкта сатып алган продукциясы тууралуу кеңири маалымат болушу зарыл. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн интеграция процессинин алкагында ырааттуулук менен продукциянын ар бир түрүнө тамга басылат. Бул продукцияны көзөмөлдөөгө жана көзөмөлдөөчү органдарга аткезчиликке жол бербөөгө, ошондой эле контрафакттык продукцияны сатууну жоюуга шарт түзөт», – деди вице-премьер-министр.

«Өз кезегинде, – Замирбек Аскаров кошумчалагандай, – тамга басылган продукциянын сапат кепилдиги сатуу көлөмүн ишенимдүү өстүрүүгө шарт түзөт. Биз мындай ак ниет өндүрүүчүлөрдү колдойбуз жана калкты сапаттуу атамекендик продукцияларды сатып алууга чакырабыз»

Маалымдама: Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында ЕАЭБ стандарттары боюнча өз продукцияларына Чүй облусунун 2 канаттуулар фабрикасы тастыктама ала баштады.

Пикир

Оставить комментарий