• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскаров: Ат-Башыдагы логистикалык борборун куруу долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров билдиргендей, Нарын облусунун жашоочулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратпоону суранышууда. Алардын айтымында, «Нарын» эркин экономикалык аймагы түзүлгөнүнө дээрлик 30 жыл болду жана бул мезгил аралыгында бир дагы ири долбоор ишке ашырылган эмес. Облуста агрардык чарбалар, өнөр жай дээрлик жок, жумушсуздуктун деңгээли аймакта жогору. Жаштар жумуш издеп туулган жеринен кетүүгө мажбур болушууда. Буга байланыштуу облустун тургундары бийлик жерлер чет элдиктерге сатылууда делген чагымчыл сөздөрдү жайылтып, жашоочуларды каршылык акцияларына чыгарууга жана өздөрүнүн конъюнктуралык максаттарын чечүүгө ниеттенгендерге алдырбаш керек деп эсептешет.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өз жообунда баса көрсөткөндөй, тынчсызданууга негиз жок.

«Долбоор боюнча бардык иштер белгиленген планга ылайык жүрүүдө. Учурда электр подстанциясынын курулушунун долбоору макулдашуу процедурасынан өтүп жатат, жазында колдонууга берилет деген ишенимдемин. Күн жылыганда биринчи объекттердин курулушу башталат. Ошол эле учурда Ат-Башы районунун тургундарынын арасында жумушчуларды тандоо тууралуу жарыяланды», - деди вице-премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө индустриалдык-соода-логистикалык борборунда иштөөнү каалаган жарандарды тандоо тууралуу жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий