• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ак-Чий айылындагы «Бишкек» эркин экономикалык аймагында жайгашкан ишканалардын иши менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министри иш сапарында министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү коштоду.

«Бишкек» ЭЭА биздин өлкө үчүн кайталангыс экономикалык аянтча болуп саналат, ага жараша, көптөгөн ишкерлер бир кыйла ийгиликтерди багындыра алды. Бүгүн биз «Бишкек» эркин экономикалык аймагына жаңы ишканаларды тартуу менен алган багытыбыздын өтөөсүнө чыгуубуз зарыл. Өндүрүп чыккан продукциясы тышкы рынокто башка өндүрүшчүлөрдүн продукциясы менен атаандаштык түзө ала турган ишканаларга артыкчылык берүү керек. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Бишкек» ЭЭА жетекчилигин өлкө экономикасындагы экономикалык аймактын ролун жогорулатууга багытталган конструктивдүү башталыштарын колдоого алууга даяр», – деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Бишкек» ЭЭА бир катар ири ишкана-субъекттерине жана андан тышкары кечээ жакында өрт чыккан павильонго барды.

«Бишкек» ЭЭА башкы директору Дүйшөн Ирсалиев эркин экономикалык аймактагы ишкерликтин өзгөчөлүктөрү жана ЭЭА учурдагы абалынын маанилүү аспектилери тууралуу маалымдады.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан 2018-жылдын I кварталына чейин «Бишкек» ЭЭА ишканалары тарабынан чыгарылган продукциялардын жалпы көлөмү 27,44 млрд сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий