• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аскаров: «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө болгон дараметибизди көрсөтүшүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасы бүткүл дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө болгон дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүш керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана катышуу боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын көргөзмөгө катышуусунун Концепциясын талкуулашты. Бул – аянты 500 чарчы метр келген павильондун дизайны, тексттер, графикалар, бет ачарлар, сүрөт жана видеоматериалдар, буклеттер, брошюраларды кошкондо Кыргыз Республикасы тууралуу маалыматтардын тизмеси, кыскасы, өлкө тууралуу жалпы маалыматтар камтылуусу керек.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Дубай ЭКСПО 2020» – бул өлкөнүн келечеги менен дараметин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча экенин белгиледи.

«Биз бул көргөзмөдө өлкөбүздүн мыкты жактарын көрсөтүшүбүз керек. Биздин павильон улуттук калоритте болушу зарыл. Муну менен Кыргыз Республикасы – жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө экенин айтып тургандай кылышыбыз керек. Биздин маданий мурастарыбыз, салтыбыз тууралуу гана эмес, экономикабыз, инвестициялык климат, туристтик дарамет, IT-чөйрөсү, илим жана билим берүү тууралуу дагы толук маалыматтар болуш керек», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Соодо-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, бүткүл дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсү Улуттук көргөзмө оператору тарабынан аныкталган «Акылды бириктирип, келечекти курабыз» аталышындагы тема менен өтөт. Кыргыз Республикасы өз экспозицияларын «Мүмкүнчүлүк» аталышындагы ураан менен алып чыгат. Бул тематика менен эл аралык коомчулукка санариптик трансформация программасынын негизги идеяларын жана жыйынтыктарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот, – деп эсептейт Уюштуруу комитетиндегилер.

Жыйындын соңунда Уюштуруу комитетинин ишиндеги өзгөртүүлөр менен толуктоолорду эске алуу менен, алдыда өтө турган көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуу Концепциясын бекитүү чечими кабыл алынды.

Маалымдама: «Дубай ЭКСПО-2020» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү Дубай шаарында 2020-жылдын 20-октябрынан 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт жана Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Азия аймагындагы араб өлкөсүндө биринчи жолу өтө турган бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болот. Көргөзмөнүн аймагы 25 миллион кишинин келүүсүнө ылайыкталды – алардын 70% чет элдиктер болот. Бул ЭКСПОнун тарыхында катышууга чет элдиктердин көп чакырылганы биринчи жолу болууда. Иш-чарага 180 өлкөнүн катышаары күтүлүүдө.

Көргөзмөдө илимий-техникалык өнүгүү (инновация), экономикалык жана укуктук өзгөрүүлөр (экономикалык интеграция), адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык өнүгүү (өз ара түшүнүү) сындуу түрдүү багыттар көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий