• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскаров: «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө КР өзүн жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө катары көрсөтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө Кыргызстан өзүн жаңы өзгөрүүлөргө ачык өлкө катары көрсөтөт. Бул тууралу Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында EXPOнун Эл аралык катышуучулар Департаментинин башчысы Андре Доурадо менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров билдирди.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жумуш сапарынын алкагында 4,38 гектер жерди ээлеген ЭКСПО-2020 аянтында болуп, анда Кыргыз Республикасы үчүн курулуп жаткан павильонду көрдү.

Белгилей кетсек, «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөнүн уюштуруучулары Кыргыз Республикасын 2 кабаттуу павильон менен камсыз кылууда. 200 чарчы метрди ээлеген биринчи кабатындагы аянтчада көргөзмө стендтер жайгашса, экинчи кабаты эки тараптуу жолугуушуларды өткөрчү кеңсе катары курулган.

Эл аралык катышуучулар Департаментинин башчысы Андре Доурадо Кыргыз Республикасына көрсөтүлө турган кызмат жана шарттар тууралуу айтып берди.

«Жакынкы Чыгышта биринчи жолу өткөрүлүп жаткан ЭКСПО биздин катышуучуларга жаңы рынокторду ачып, жаңы кызматташууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп ишенебиз. Бул иш-чараны дүйнө жүзүнөн миллиондогон көрүүчүлөр келип, алар ЭКСПОнун катышуучу-өлкөлөрдүн, ошону менен бирге Кыргызстандындын маданияты, каада-салты, тарыхы, экономикасы, жетишкендиктери менен тааныша алат», – деди Андре Доурадо.

Өз учурунда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров уюштуруучулар тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамга ыраазычылыгын билдирди.

«Бул көргөзмөдө биздин өлкөбүздүн жакшы жетишкендиктерин көрсөтүү ниетибиз бар. Буга чейин башка көргөзмөлөрдөгүдөй эле биздин павильон улуттук колоритте болот. Ошону менен бирге эле, биз Кыргызстан – алдыга умтулган, жаңы, мазмундуу өзгөрүүлөргө даяр өлкө экенин көрсөткүбүз келип жатат. Либералдык инвестициялык климат, чоң туристтик дарамет, муну менен биз экономикабыздын өнүгүү жолуна түштүк. Мына ушунун барын көргөзмө аркылуу биз дүйнөгө ачканы турабыз», – деп ал билдирди.

Маалымдама:

«Дубай ЭКСПО-2020» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү Дубай шаарында 2020-жылдын 20-октябрынан 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт жана Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Азия аймагындагы араб өлкөсүндө биринчи жолу өтө турган бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болот. Көргөзмөнүн аймагы 25 миллион кишинин келүүсүнө ылайыкталды – алардын 70% чет элдиктер болот. Бул ЭКСПОнун тарыхында катышууга чет элдиктердин көп чакырылганы биринчи жолу болууда. Иш-чарага 180 өлкөнүн катышаары күтүлүүдө.

Көргөзмөдө илимий-техникалык өнүгүү (инновация), экономикалык жана укуктук өзгөрүүлөр (экономикалык интеграция), адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык өнүгүү (өз ара түшүнүү) сындуу түрдүү багыттар көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий