• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскаров: ЕАЭБ – бул өзүнүн иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор

Өкмөт 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдиги – бул бүгүнкү күндө тышкы факторлордун таасирине карабастан, иштеп баштаган биринчи беш жылдыгында эле иш жөндөмдүүлүгүн далилдеп, жүзөгө ашкан долбоор. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграцияланышындагы негизги жыйынтыктары жана келечеги» аталышындагы конференциянын ачылышында билдирди.

«Евразия экономикалык биримдигинин негизги максаты – биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн товарлардын бирдиктүү базарына, кызмат көрсөтүүгө, капиталга жана жумушчу күчүнө жеткиликтүүлүгүнүн эркин болушун камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө биз толук ишеним менен алдыга койгон максаттарга жеткенибизди айта алабыз. ЕАЭБ олкөлөрү товарларды алып кирүү бажы төлөмсүз ишке ашып жатат, ал эми татаал делген маселелер боюнча биз диалог жолу менен бир пикирге келүүдөбүз. Мисалы, ушул жылдын апрель айында ата мекендик ветеринардык көзөмөл системасынын эквиваленттүүлүгүнүн таанылышына жетиштик. Бул ЕАЭБ ишканаларынын реестрине катталган биздин ишканаларга жакшы таасир этери талашсыз. Бул реестрге ата мекендик 80 ишкана кирген. Акырындык менен тоскоолдуктар жоюлууда, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатат. Бул жылы өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7,2 миллиарддан ашуун АКШ долларына жетери күтүлүүдө. Жылдан-жылга айыл чарба продукцияларын, электр энергиясын жана даяр болуп тигилген кийимдерди экспорттоонун көлөмү өсүүдө. Ошол эле учурда импорт төмөндөп жатат», - деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр ошондой эле макулдашуу менен эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүдө мигранттардын эркин жүрүүсү тууралуу жана билим менен социалдык кепилдик жөнүндөгү документтердин таанылышы Кыргыз Республикасынын утушу болгонун кошумчалады.

«Интеграциялык биримдиктеги бардык өлкөлөрдө эмгектенгендер үчүн бирдей чөйрө түзүүдө маанилүү документ боло турган Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишим иштелип бүтүп калды. ЕАЭБге мүчө болгон 5 өлкөнүн жетекчилери тарабынан Союздун бирдиктүү санариптик мейкиндигин түзүүнүн бардык аспектилерин аныктаган санариптик күн тартип жөнүндө билдирүү кабыл алынган. Санариптик трансформация концепциясын жүзөгө ашыруу үчүн бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформанын базасында калкка жана бизнеске мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө, конкреттүү тапшырмаларды чечүүгө багытталган 2023-жылга чейин «Жол картасын» кабыл алганбыз. ЕАЭБдин аянтчасында санариптик күн тартибин мындан ары да түзүүгө катышууда мүмкүнчүлүктөрүбүз бирдей», - деди вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаровдун айтымында, мына ушул артыкчылыктарды үчүнчү өлкөлөр көрүп, ЕАЭБге кызыгуусун билдирүүдө.

«Вьетнам, Сингапур жана Иран менен эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүлдү. Бул Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө, анын ичинде Кыргыз Республикасына мүмкүнчүлүктөрдү берет, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтык кеңейет», - деди вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий