• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров: ЕАЭБ өлкөлөрүнөн такталбаган товарларды ташууну токтотуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. КР өкмөтү Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринен такталбаган товарларды ташууну токтотуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайт жана ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо жана коргоого багытталган чараларды күчөтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мамлекеттик органдардын катышуусундагы кеңешмеде билдирди.

«Бүгүнкү күнү көптөгөн жоопкерчиликсиз салык төлөөчүлөр ЕАЭБ ичинде эркин товар жүгүртүү укугунан пайдаланып, товарларды, анын ичинде мунай продуктыларын тиешелүү документтерсиз жана кыйыр салык төлөө аркылуу ташып жатышат. Ташылган жүк боюнча так эмес маалыматтарды чагылдыруу фактылары бар. Кагазда товарлардын саны жана аталыштары башка, чындыгында таптакыр башка продукт ташышат. Кеп бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир эткен такталбаган товарлар тууралуу болуп жатат. Муну менен бизнес чөйрөдө атаандаштыкка ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бүгүн парламенттик жана бизнес коомчулуктун колдоосунда такталбаган товар ташууларды жоюуга багытталган тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча тутумдуу иштерди жүргүзүүдөбүз», - деди ал.

Замирбек Аскаров белгилегендей, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Ак-Жол», «Чоң-Капка» өткөрмө-көзөмөл пункттарына жакын товарларды каттоо убактылуу жайлары иштеп баштады.

Анын айтымында, мындан тышкары салык кызматынын түзүмүндө белгиленген товарларды каттоо пункттарынын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кыла турган өзүнчө бөлүм түзүлдү;

- реалдуу убакытта ташылып келинген жүк тууралуу аймактык салыктык органдарга маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн автоматташтырылган система ишке кирди;

- «Чалдыбар» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пункттарына жакын жерлерге товарларды каттоонун стационардык пункттун куруу боюнча иштер аяктоодо;

- чек ара аймактарындагы оор салмакты көзөмөлдөөчү автоматташтырылган система жайылтылды. Мындай системалар Чүй облусундагы Ак-Тилек жана Чалдовар, Талас облусундагы Чоң-Капка постторуна орнотулду;

- Кыргыз Республикасына унаа (бензовоз) менен нефть, мунай заттарын, экологиялык күйүүчү май жана башка мунай заттарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

«Көрүлүп жаткан чараларга карабастан, экономикалык ишмердүүлүктөгү субъектилер мурдагыдай эле бензин жана дизелдик майды жасалма документтер менен ташып келүүдө. Муну менен алар акциздик салыкты төлөөдөн качууда. Буга чекит коюш керек. Биз ишкерликтин жоопкерчиликсиз өкүлдөрү менен чечкиндүү күрөшүү ниетибиз бар. Бардыгы акыйкат жана ачык-айкын болуш керек», - деди Аскаров.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр тиешелүү органдарга ташылган КММ сапатынын жана түрүнүн дал келүүсү тууралуу ыкчам бүтүм чыгарып берүү маселесин иштеп чыгууну, бензанол сыяктуу товарлардын түрлөрүнө акциздик салык киргизүү каралган мыйзам долбоорун карап чыгууну, май куюучу жайларга мыйзамсыз мунай продуктыларын ташуу мүмкүндүгүн жойгон механизмди иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары тийиштүү темир жол бекеттеринде товарларды каттоо жайларын орнотуу жана товарларды катоонун автоматташтырылган/аналитикалык тутумун киргизүүнү тездетүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий