• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскаров: Экологиялык таза продукцияны жеткирүү боюнча экспорттук дараметибизди күчтөндүрсөк дейбиз

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. «Жашыл экономиканын» принциптеринин негизинде Кыргыз Республикасы экологиялык таза продукцияны жеткирүү боюнча экспорттук дараметти күчтөндүрүүнү жана жүзөгө ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров жашыл экономика боюнча Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн Бүткүл дүйнөлүк саммитте билдирди.

«Жашыл экономикага өтүүдө экономиканын ыңгайлашуусу үчүн тийиштүү мыйзамдык негиздерди түзүү боюнча жумуштар активдүү жүрүп жатат. Ресурсту үнөмдөөчү жана энергетиканы үнөмдөөчү өндүрүштү түзүүгө багытталган жашыл экономиканы жайылтуу жана колдоо тажрыйбасы өздөштүрүлүүдө. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, эл аралык тажрыйбанын жана парламент тарабынан кабыл алынган Концепцияга ылайык, «жашыл экономикага» өтүү боюнча беш жылдык программаны иштеп жатат», – деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр сунушталып жаткан документ туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, жарандардын жашоосунун сапатын жогорулатууну, социалдык адилетүүлүктү камсыз кылуу, ресурстарды натыйжалуу колдонуу жана «жашыл экономикага» өтүү боюнча экологиялык таза технологиялар менен инновацияларды кеңири пайдаланууга багытталганын айтты.

«Биздин бул багыттагы иш жүзүндөгү кадамдарыбыздын бири Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо борборун түзүү болуп саналат. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында биз региондорду өнүктүрүү үчүн «жашыл экономика» принциптерин киргизүүгө ниеттенип жатабыз. Себеби ар бир аймактын өз артыкчылыгы бар. Суу-энергетикалык ресурстарга бай аймактарда жашыл энергетиканы өнүктүрүү, кайра жанма электр булактарын өздөштүрүү пландалууда. Мөмө-жемиштерди өстүрүү пайдалуу болгон агрардык райондордун көп жылдык мөмөлүү бадалдарды өстүрүүгө өтүүсү максаттуу. Муну менен экологиялык жактан таза продукцияны жеткирүү боюнча биздин уникалдуу экспорттук дараметибизди күчтөндүрүп, жүзөгө ашырсак дейбиз», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуунун алкагында Шарджа шаарындагы Соода-өнөр жай палатасына барды, ал жактан товарлардын, продукциялардын үлгүлөрү жана эркин экономикалык аймак менен таанышып, уюмдун алкагында мындан ары кызматташуу жана тажрыйбаларды өздөштүрүү жөнүндө макулдашты.

Маалымдама: Дубай шаарында өткөн жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммит жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк уюм, Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк – Түштүк кызматташтыгы боюнча башкармалыгы жана Электр энериясы, суу департаменти тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий