• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аскаров: Инвестия тартуу жаатында кыйынчылыктар арбын

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. 2018-жылдын республикалык бюджети каралып жатканда Өкмөт өтө эле оптимисттик план кабыл алыптыр. Ошондон улам, ал планды аткарууга Салык кызматы менен Бажы кызматы сындуу бюджеттин киреше бөлүгүн толтура турган органдардын алы келбей калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик бюджетти аткаруу жүрүшүндө негизинен кандай кемчиликтер кетирилгенине кызыкты. «Мамлекеттик мүлктөрдүн кирешесин эки эсе көтөрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?», - деген собол салды ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБдеги үлүшүнөн 1 млрд сомдон ашуун каражат түшпөй калган. «Биз өзүбүздүн алдыбызга реалдуу планды коюшубуз керек экен. Ошону менен бирге, инвестия тартуу жаатында да кыйынчылыктар арбын. Ал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аларды макулдашуу жол-жоболору да создугуп кетүүдө», - деди Замирбек Аскаров.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Жылдызбек Исакулов өткөн жылы киреше боюнча план 95 пайызга аткарылганын билдирди. «Объектилерди сатуудан 88 млн сом түшпөй калды. Дивиденддер жаатында да кыйынчылыктар бар. Өзгөчө объектилерди ижарага берүү жаатында мүчүлүштүктөр көп. Биз азыр абалды оӊдоо максатында аукциондук борборду ачып жатабыз. Ошондой эле, мамлекеттик сатып алууларга да ири өлчөмдөгү каражат жумшалууда, аны дагы бара-бара азайтышыбыз керек», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий