• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аскаров: Ишкерлик мамлекеттин экономикалык саясатынын жол көрсөткүчү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Ишкерлер күнүнө арналган расмий иш-чарага катышты.

Өз сөзүндө Замирбек Аскаров белгилегендей: “Ишкерлер өз ишин, өз үй-бүлөсүн гана киреше менен камсыздабастан, экономиканын өнүгүшүнө маанилүү салым кошушат. Бүгүнкү күнү 477.3 миң ишкер республиканын ИДПсына 33.9% көлөмүндө салымды камсыздайт, бул акча түрүндө 72.3 млрд сом”.

Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкерликтин экономиканын өнүгүшүндөгү ролун жана салымын мындан аркы жогорулатууну карайт. Бул ишкерликти өнүктүрүүнүн комплекстүү прогораммасында аныкталат.

“Ишкерлик атаандашка жана атаандаштыкка сый мамиле кылуу менен өнүгүүгө тийиш. Бир тармактын эсебинен экинчи тармак өсө турган эмес, техникаларды, алдынкы технологияларды жана инновацияларды колдонуу менен өнүгүүнүн мезгили келди. Ошондой эле глобалдаштыруу шарттарында бизнес кооперациясынын жана экспортко чыгуу үчүн ресурстарды концентрациялоонун зарылдыгы жаралды, анткени ири кирешелер ири рыноктордо камсыздалат”,- деп баса белгиледи Замирбек Аскаров.

“Ишкерлер мамлекеттин экономикалык саясатынын жол көрсөтүүчүлөрү. Аларга жоопкерчилик жүктөлгөн, тобокелдикке барышат, кадам сайын издеп жана пайда табышат, ошондуктан ишкерликке кам көрүү Өкмөттүн базалык экономикалык саясаты болуп саналат”,- деп жыйынтыктады Замирбек Аскаров.

Андан соң иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр З.М.Аскаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан өзгөчөлөнгөн ишкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий