• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аскаров Кара-Сакал айылындагы суу менен камсыздоо тутумун ишке берүү иш-чарасына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Чүй облусунун Сокулук районунун Кара-Сакал айылындагы ичүүчү суу менен камсыздоо обьектилерин ишке берүү салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында айыл жергесинде жашаган тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан, анын артыкчылыктуу багыты катары тургундарды ичүүчү суу менен камсыздоо болуп саналат. Келечекте башка айылдардын жашоочулары да мамлекетик бюдджеттин жана донордук каражаттардын эсебинен ичүүчү суу менен камсыздалат. Аталаган маселенин чечилишине биз чоң маани беребиз», - деди ал.

Белгилесек, 2018-жылдын 1-декабрына карата Сокулук районунун Кара-Сакал айылында 500 жакын адам жашайт.

Аталган айылдын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы суммасы 19 млн 488 миң сомдук долбоордук-сметалык документ даярдалган.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, андан соң тереңдикте жайгаштырылган насосторду, жаңы электр көмөкчордондорун жана электр чубалгыларын орнотуу менен курулуш-монтаждык иштери аткарылган. Электр энергиясын пайдаланууну үнөмдөө максатында суу өткөрүү тармагы заманбап талаптарга жооп берген ичүүчү сууну автоматтык башкаруу тутуму аркылуу берүү менен камсыздалган.

Долбоор аркылуу ар бир үйдүн суу түтүгүнө жеке кошулуусу каралган.

Кара-Сакал айылындагы суу менен камсыздоо тутумунун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен “капиталдык салым” беренеси боюнча ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий