• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аскаров: Өкмөт өнөр жай тармактарын өнүктүрүүдө табиятты кылдат пайдалануу милдеттерин коет

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Жашыл экономика: Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү прогресси жана келечектери» форумунун ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү» Концепциясын аткаруу үчүн кыска жана орто мөөнөттө жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча программаларды иштеп жатат. Жашыл экономика аркылуу экономиканын үнөмдөө принциптерин колдонуу менен таза, ошондой эле өзгөчө таза технологиялар алдынкы планга чыгарылат. Ушундан улам Өкмөт өнөр жай тармактарын өнүктүрүүдө табиятты натыйжалуу жана кылдат пайдалануу милдеттерин коет», - деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баса белгилегендей, эл аралык тажрыйбага ылайык, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү ал тең салмактуу аймактык саясатка ээ болгон кезде гана камсыздалат.

Ал өз сөзүнүн соңунда белгилегендей, Өкмөт жашыл технологияларды киргизүү менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда коңшу өлкөлөрдөгү пикирдештер үчүн ачык.

Пикир

Оставить комментарий