• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров: Өкмөттүн бардык аракети жарандардын социалдык турмушун жакшыртууга багытталган

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык аракети жарандардын социалдык турмушун жакшыртууга багытталган. Алардын бири – «Жеткиликтүү турак жай» программасынын механизмдерин кеңейтүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен «Турак жайды ижара менен сатып алуу» механизми боюнча келишим түзгөн жарандарга батирлерди тапшыруу аземинде билдирди.

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Турак жай сатып алуу максатындагы мамлекеттик колдоо бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн башталган. Эми биздин жарандар төмөндөтүлгөн пайыз менен турак жай алууга мүмкүнчүлүк түзгөн башка механизмдер дагы иштелип чыкты. Мына ушундай механизмдердин бири «Турак жайды ижара менен сатып алуу», бул жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат», - деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

«Турак жайды ижара менен сатып алуу» механизми боюнча медицина, билим берүү, маданият жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматкерлер Бишкек шаарынын «Тунгуч» кичирайонундагы жаңы 9 кабаттуу үйдөн батир алышты. Жарандар турак жайды баштапкы төлөмсүз, насыяны жылдык үстөгү 6 % менен 15 жылга алышты. Аларга турак жай насыя толугу менен төлөнүп бүткөндөн катталат. Бул көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бардыгы бир бөлмөлүү, алардын максималдуу аянты 43 чарчы метрди түзөт.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 135 батирлүү үйгө борбордук жылуулук жана газ өткөрүлгөнүн, батирлерде лоджии, айнектери темир-пластиктен жана кирүүчү эшиги темирден жасалганын эске салды.

«Менчик турай жай алып жаткандагы кубанычыңар менен бөлүшкөнүмө абдан кубанычтамын. Республикабызда «Турак жайды ижара менен сатып алуу» механизми боюнча мындай маанилүү окуя биринчи жолу болууда. Жарандарды менчик турак жай менен камсыздоого багытталып, Өкмөт ишке ашырып жаткан “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков колдоо көрсөтүүдө. Мамлекет башчы ипотекалык насыянын үстөк пайызын максималдуу түрдө төмөндөтүү талабын койгон, биз ошонун үстүндө тынымсыз иш алып баруудабыз. 2019-жылдын ноябрында жеңилдетилген ипотекалык насыянын жылдык минималдык үстөгү 6% түшүрүлгөн. Жаңы жыл алдында жаңы батир алышыңар менен баарыңарды чын жүрөктөн куттуктайм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК иштеп баштагандан бери 4 500 жаран мекчик турак жай ала алды.

Пикир

Оставить комментарий