• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров: Кыргызстан өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Ушул күндөрү Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун штаб-квартирасында (Париж шаары, Франция) ЭКӨУ Евразия Жумалыгы башталды, анда биздин республика Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Демилгенин Башкаруу комитетинин тең төрагасы болуп саналат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Евразия жумалыгына Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров баштап барган.

Евразия жумалыгында ЭКӨУ катышуучу-өлкөлөрү жана Борбор Азия мамлекеттери менен акыркы жыйынтыктар жана сунуштар талкууланат. Бул жолугушуулардын алкагында вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги кеңешме жана ЭКӨУ Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Тегерек үстөлдүн жыйыны өтөт.

Форумдун алкагында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ЭКӨУ глобалдык мамилелери Катчылыгынын директору Андреас Шаал жана ЭКӨУ Евразия өлкөлөрү боюнча бөлүмдүн жетекчиси Уильям Томпсон менен жолугушту, анда эки жактуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча буга чейинки Программалардын натыйжалары талкууга алынды. Анын ичинде, үч багыт боюнча сунуштар кабыл алынды: агрардык бизнес тармагы үчүн финансылык жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, агрардык бизнес тармагы үчүн өндүрүштүк окутууну өркүндөтүү аркылуу адамдык капиталды өнүктүрүү, соода жана инвестицияларды илгерлетүү (тигүү тармагы үчүн).

Транспорттук байланыш актуалдуу маселелери боюнча «Борбор Азияда соода-транспорттук байланышты жогорулатуу» долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында тиешелүү консультативдик колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз тараптын сунушу менен орто жана чакан бизнестин потенциалын жогорулатуу, start-up долбоорлорду мамлекеттик колдоо, инновацияларды киргизүү, ишкерлер үчүн кызматтардын сапатын жогорулатуу сыяктуу багыттар талкууланды.

ЭКӨУ тийиштүү департаменти менен кыйла деталдуу талкуулоо үчүн кыргыз тараптын сунушу боюнча санариптештирүү, салык процедураларын фискалдаштыруу механизмдерин киргизүү (товарларды маркерлөө, товардарды көзөмөлдөө тутуму, электрондук эсеп фактураларды жана салык төлөөчүлөрдүн виртуалдык кампасын киргизүү) маселелери күн тартибине коюлду.

Мындан тышкары бейформал экономиканын көлөмүн кыскартуу, натыйжалуу антикоррупциялык саясат, жашыл экономика принциптерин киргизүү, айыл чарбасын коммерциялаштыруу жана өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын кошумча наркын көбөйтүү жана башка маселелер боюнча кызыктуу сунуштар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий