• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров: Кыргызстандагы саясий стабилдүүлүк туруктуу экономикалык өнүгүүнү аныктайт

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасындагы саясий стабилдүүлүк туруктуу экономикалык өнүгүүнү аныктайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Париж шаарында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун штаб-квартирасында өткөн (Франция Республикасы) конференцияда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Конференцияда Замирбек Аскаров расмий баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык саясатынын актуалдуу принциптерин атап өттү.

«Бул алды менен эл аралык соода жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, инвестициялардын жагымдуулугун, чакан жана орто ишкерликтин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өстүрүү, донордук жардам жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдарда өнөктөштүктүн натыйжалуулугу болуп саналат. Кыргыз Республикасы быйылкы жылы 2040-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү Стратегиясын бекиткен, анын алкагында ыңгайлуу инвестициялык чөйрөсү бар атаандаштыкка жөндөмдүү, диверсификацияланган, теңдештирилген жана инклюзивдик экономиканы түзүү максаты коюлат. Жакынкы келечекте экономика инновациялык жана экологиялык таза, энергетика жана жаратылыш үнөмдөөчү технологияларды колдонууга багытталат», - деди Замирбек Аскаров.

Ошону менен бирге ал жаңы экономикалык саясатта камтылган шарттарды белгиледи:

- уруксат кагаздарын жана ички тармактык стандарттарды бекитүү функциялары берилген өз алдынча жөнгө салынуучу бизнес-ассоциациялардын потенциалын жогорулатуу;

- мыйзам түрүндө турукташтыруу режими киргизилген, ал боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде 10 жылдын ичинде инвестордун баштапкы жоболору жана өзгөчө жеңилдиктери инвестициялык келишимдин алкагында сакталат;

- өлкөнүн аймактарындагы өнөр жай жана инновациялык ишканаларына инвестицияларды өбөлгөлөө максатында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөр кабыл алынат, ага ылайык инвесторлор үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин салыктын 5 түрүнөн бошотулуу менен өзгөчө жеңилдиктерди алууга шарт түзүлөт;

- инвесторлордун укуктарын коргоо каражаттарын өркүндөтүү жана алардын кепилдиктерин күчтөндүрүү максатында бизнес-акыйкатчы жана медиация институттары киргизилүүдө;

- жеке менчик тармактын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жөндөмдөрдү, трансфер технологияларды өткөрүп берүү, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерге сарптоолорду көбөйтүү аркылуу чакан жана орто бизнестин потенциалын өнүктүрүү каралууда;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаңы уруксат жана лицензиялардын түрлөрүн киргизүүнүн негиздүүлүгүн талдоо үчүн регулятивдик реформа боюнча атайын Кеңеш түзүлгөн;

- мамлекеттин жаңы саясатынын бизнес жүргүзүү жана ишкерликти өнүктүрүү шарттарына регулятивдик таасирин талдоо боюнча каражаттар мыйзам деңгээлинде бекитилген.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө ири логистикалык борборлорду тургузуу жана өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда автомобилдик каттам тажрыйбасы; экономиканы санариптештирүү, анын ичинде электрондук патентке өтүү жана товарларды маркерлөө, ошондой эле аларды көзөмөлдөө боюнча пилоттор тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары Замирбек Аскаров Digital CASA долбоорунун ишке киргендиги тууралуу маалымдады, анын алкагында өлкө аймагында бир нече компетенция борборлорун түзүү, анын ичинде эки ири аймактык DATA-борбордун курулушу пландаштырылган.

Жыйынтыктоочу сөзүндө Замирбек Аскаров инфраструктуралык долбоорлор боюнча буга чейин белгиленген бир катар артыкчылыктар сакталганын белгиледи, алар – Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын, Кыргызстан – Кытай газ куурунун курулушу.

Белгилей кетсек, бул конференциянын максаты Евразия аймагынын өлкөлөрүнүн жана ЭКӨУ катышуучу-өлкөлөрүнүн экономикалык саясатындагы акыркы 10 жылдын жыйынтыгын чыгаруу, ошондой эле жакынкы он жылда саясий чечимдерди түзүүгө таасир берген социалдык-экономикалык факторлорду аныктоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий