• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров «Кытай – Борбор Азия» кызматташтыгы VII форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 20.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кытай Эл Республикасынын Наньнин шаарында өткөн «Кытай – Борбор Азия» кызматташтыгы VII форумуна катышты.

Ошондой эле вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Бир алкак, бир жол» биргелешип куруу үчүн аялдарды өнүктүрүүгө жардам берүү» сессиясында сөз сүйлөдү.

«Кандай гана мамлекет болбосун, анын өнүгүүсүндө аялдардын ролу чоң. Анткени алар акылдуу, сабырдуу жана эстүү болушат. Бул сапаттар бардык мырзаларга мүнөздүү эмес, ал эми айымдар ушул сапаттары менен кандай гана маселе болбосун, аны чече алат. Биздин мамлекет аялдардын коомдогу ордуна өзгөчө маани берет», – деди Замирбек Аскаров.

Ошондой эле кыргыз делегациясынын мүчөлөрү «Трансчекаралык логистиканын кургактагы жана деңиздеги жаңы коридору жана электрондук коммерция чөйрөсүндөгү кызматташтык», «Акылдуу шаарларды биргелешип өнүктүрүү» сессияларында сөз сүйлөштү. Сессияларда алар «Коопсуз шаар» долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу дагы айтып беришти.

Форумдун алкагында «Кытайдын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Закавказьенин өзгөчө продукцияларынын көргөзмөсү» болду, ага Кыргыз Республикасынын атамекендик айыл чарба продукциялары, сувенирлер жана арак-шарап азыктары коюлду.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров делегациялардын жетекчилерине биздин өлкөнүн экологиялык жактан таза азык-түлүктөрүнүн артыкчылыктары, анын ичинен кыргыз балынын пайдалуу касиеттери тууралуу айтып берди.

Иш сапардын алкагында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Чэнь У автономдуу районунун Гуанси-Чжуанск Эл Өкмөтүнүн Төрагасы менен жолугушту.

«Кыргыз Республикасы, барыңыздарга белгилүү болгондой, экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрөт. Бүгүнкү күндө биздин өлкө кызматташуу үчүн башка мамлекеттерге эшиги ачык. Бизде жергиликтүү да, чет элдик дагы бизнесмендер үчүн шарттарыбыз либералдуу. Биз жергиликтүү мыйзамдардын алкагында иштешүүгө даяр инвесторлорду кубануу менен кабыл алабыз. Бизде экспорттук дараметти өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар, анткени бизге 180 миллионга жакын калкы бар ЕАЭБдин рыногу ачык жана ВСП+ артыкчылык берилген. Бул биздин өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны Европага салык толөмүсүз экспорттоого болоорун айтып турат», – деди Замирбек Аскаров.

Жолугушууда тараптар аймактарт аралык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий