• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аскаров: Мамлекет менен өнөктөш болуу пайдалуу экенин көрсөтүшүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик жана жеке ресурстардын биригүүсү экономикалык өнүгүүгө карай жасалган туура кадам болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк кызматташтыкпы же атаандаштыкпы?» аталышындагы тегерек столдо билдирди.

«Социалдык объектилердин жана административдик мекемелердин инфраструктурасы начар. Мындай объектилерди кармап турууга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат жетишсиз. Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында мамлекеттик активдерди сарамжалдуу пайдалануу максатын койдук. Биз МЖӨ менен гана көптөгөн социалдык маселелер чечилерин түшүнүп турабыз. Жеке сектордун өнүгүшү менен жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүү маселеси ыкчам чечилет», - деди Замирбек Аскаров.

Муну менен катар МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууда үч тарпатын ортосундагы балансты сакташыбыз керек: алар мамлекет, бизнес жана керектөөчүлөр экенин Замирбек Аскаров белгилеп, көпчүлүк процедураларды жеңилдеткен жана бардык тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын парламент быйыл кабыл алганын кошумчалады.

«Экономика министрлигине караштуу МЖӨ борбору түзүлдү. Биз мамлекет менен өнөктөш болуу – бул пайдалуу экенин көрсөтүшүбүз керек. Бизнес буга чейин болуп келгендей, ишин баштай элек жатып, күйүп кетет деп коркпой, бизге ишенүүсү керек», - деди вице-премьер-министр.

Маалымдама: Учурда үч мекеме мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасынын негизинде иштеп жатат. Гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча долбоор Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында иштей баштады, «Кызыл Кыргызстан» кинотеатры кайрадан салынды, Бишкек шаарында коомдук транспорттордун электрондук билети боюнча долбоор ишке кирди.

Мындан тышкары жалпы суммасы 500 млн АКШ доллары болгон 21 долбоор ар кандай баскычтарда иштелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий