• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Аскаров: Мамлекеттик инвестициялар программасын тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчилик тартат

Өкмөт 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров 2018-жылдын 1-жарымында мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун бюджетин аткаруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн экономикасына тышкы инвестицияларды тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Ошону менен бирге экономиканын өсүүсүн, инфраструктураларды модернизациялоону, социалдык жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууну камсыздаган жеңилдетилген насыялар же гранттар тартылууда. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге карабастан, министрликтер жана ведомстволор тарабынан мамлекеттик инвестициялар бюджетин начар аткаруу тенденциясы байкалууда», - деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик инвестициялар бюджетинин каражаттарын өздөштүрүүнүн төмөн деңгээли мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруудагы көйгөйлөрдү күбөлөндүрөт. Алардын арасында бюджеттик пландаштыруунун сапатынын төмөндүгүн жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну создуктурууну белгиледи.

««Мамлекеттик инвестициялар долбоорлор каражаттарынын 70% дык өздөштүрүлүшү бюджеттик пландаштыруунун төмөнкү сапатын көрсөтөт. Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун бюджетин тийиштүү түрдө аткаруу үчүн финансылык тартипти күчтөндүрүү жана аткаруучулардын жеке жоопкерчилигин аныктоо керек. Буга катар долбоорлорду каржылоо сапатын жогорулатуу менен алардын ишке ашырылышын мониторингдөөнү активдештирүү, аны ишке ашырууда бирге иштешкен тараптардын тыгыз байланышын камсыздоо, ички мамлекеттик процедураларды оптималдаштыруу зарыл», - деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, 2018-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңири курамдагы жыйыны өткөрүлөт, анда мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашырууга жоопкер жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларына тартиптик чара колдонуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий