• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров: «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» турак-жайдын жеткиликтүүлүгү принцибин милдеттүү түрдө аткаруусу тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик турак-жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев ведомстволор аралык комиссияга «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу алкагындагы, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу «Жеткиликтүү ипотека» багытын ишке ашыруу жана «Кийинчирээк сатып алуу менен ижаралык турак-жай» механизминин алкагында кыймылсыз мүлктүн баштапкы рыногундагы даяр турак-жайды сатып алуу жана аны ишке ашыруу жөнүндө компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, учурда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу сатылып алынып жаткан турак-жайдын чарчы метри 658 АКШ долларын түзөт.

«Мындай баа турак-жайдын жеткиликтүүлүгү принцибине дал келбейт. Буга катар турак-жайдын чарчы метрин 350-360 АКШ долларына баалаган, ошол эле учурда ар бир чарчы метрине 2080 сомдон салык төлөгөн курулуш компаниялары бар. Тургундарды турак-жай менен камсыздоо үчүн «Жеткиликтүү турак-жай» программасы кабыл алынган, бирок ага карабастан, ипотекалык компания батирлерди рынок баасы менен сатууда. Мындай шарттарда мугалимдер жана врачтар жаңы батир сатып ала албасы түшүнүктүү. Эгер биз «Жеткиликтүү турак-жай» программасын кабыл алган болсок, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, биз ар жылкы насыялоо коюмун 6%га төмөндөтүп, аны ишке ашыруу жолдорун табышыбыз керек», - деди ал.

Кеңешмеде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 499 токтомуна ылайык, ар жыл сайын өзүнүн уставдык капиталынын өлчөмүн жөнөкөй энчилүү акцияларды эмиссиялоо жолу аркылуу 150 млн сомго жогорулатууга мүмкүндүгү бар экендиги аныкталды. Муну эске алуу менен «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК капитализацияланышын камсыздоо үчүн жөнөкөй энчилүү акцияларды эмиссиялоонун проспектин даярдоо тапшырылды.

Мындан тышкары, комиссиянын жыйынында «Жеткиликтүү турак-жай» программасына катышууну каалаган эмгек мигранттары үчүн жаңы критерийлерди иштеп чыгуу, ошондой эле турак-жайды жеңилдетилген шарттарда алууну каалаган жактар үчүн тийиштүү документтерди чогултуунун электрондук тутумун киргизүү мүмкүндүгү маселеси көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий