• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров: Өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган бизнес-долбоорлорго колдоо көрсөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 2019-жылы ишке киргизилүүчү инвестициялык долбоорлордун аткарылышы менен таанышуу боюнча жумуш сапарынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы Комсомол айылында жайгашкан «Cool Bros.» тигүү ишканасынын иши менен таанышты.

«Cool Bros.» ишканасынын башкы директору Азимбек Жолдубаев вице-премьер-министр Замирбек Аскаровду жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштырды.

Азимбек Жолдубаев белгилегендей, бул фабрика 2,2 га аянтта жайгашкан, мында өндүрүштүк имарат кеңседен, эксперименталдык цехтен, дизайнердик бөлүмдөн, бычуу бөлүмүнөн жана кызматкерлер үчүн ашканадан турат. Фабрика толук кубаттуулукка чыгууда Сокулук районунун калкы үчүн 200 ашуун жумушчу орун түзөт. «Cool Bros.» ЖЧК кызматкерлери үчүн акысыз окутуу, трансфер жана тамактануу шарты түзүлөт. Өндүрүш ЕАЭБ мамлекеттерине жана башка чет өлкөлөргө экспорттоого багытталган, жылына 5 млн ашуун балдардын трикотаж кийимдерин чыгаруу пландалууда. Муну менен катар Азимбек Жолдубаев КР Өкмөтүнө аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жер участогун трансформациялоо маселесин ыкчам чечүүгө көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди жана жакын арада ачылышы болорун белгиледи.

«Жеңил өнөр жай улуттук экономиканын негизги тармактарынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын тигүү өнүмдөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Тажикстан жана Өзбекстанга экспорттолот. Бирок «Кыргызстанда жасалган» - тигүү өндүрүмдөрүнүн стратегиялык сатуу рыногу – бул Россия жана Казакстан. Бүгүнкү күнү тигүү тармагында 3 миңден ашуун ишкана иштейт, негизинен бул чакан жана орто бизнес, ошол эле учурда болжол менен жалпы үлүштүн 95% түзөт. Кыргыз Республикасында орточо 80-120 миллион тигүү продукциясы өндүрүлөт жана 90-95% экспорттолот», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары вице-премьер-министр баса белгилегендей, бул долбоор атамекендик инвестор тарабынан ишке ашырылууда жана аймактарды өнүктүрүүгө шарт түзөт, бул Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Ошону менен бирге Замирбек Аскаров белгилегендей, азыркы тапта инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, мында жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелерге өзгөчө орун берилет. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө, анын алкагында райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, республикалык же облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын компетенциялары инвестициялык долбоорлор үчүн айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди башка түрдөгү жерлерге же башка категориядагы жерлерге которуу боюнча ченемдер менен толукталат.

«Белгилей кетсем, кыска убакыт аралыгында жерлерди трансформациялоону жөнгө салуу жаатында, анын ичинде инвестициялык маанилүү долбоорлор боюнча маселелер чечилди. Бул – «Шамшыкал-Ата» цемент заводунун курулушу, «Cool Bro’s» тигүү ишканасынын курулушу, «Ат-Башы» индустриалдык-соода-логистикалык комплексинин, «Silk Way» индустриалдык паркынын, Ысык-Көлдө чакан ГЭСтин, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыш заводунун, Ат-Башы мал чарба комплексинин, «Түштүк-Кыргыз цемент» ЖАК цемент заводунун курулуштары боюнча долбоорлор», - деди Замирбек Аскаров.

Ошондой эле вице-премьер-министр тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тигүү фабрикасын тез арада ишке киргизүүгө байланыштуу маселелерди ыкчам чечүүгө ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий