• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аскаров Ошто жашаган согуш ардагерлерин куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек,09.05.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын майрамдоого катышты.

Замирбек Аскаров Ош шаарындагы салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жатып өкүнүү менен белгилегендей, согуш ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин саны жыл санап азаюуда.

«Бүгүн республикада 344 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери калды, алардын ичинде Ош облусунда азыркы тапта 35и гана калса, Ош шаарында 7 ардагер бар. Мекенди коргогондордун баары, ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат. Бул майрам биздин жашоодо өзгөчө мааниге ээ. 9-май биз үчүн өзгөчө күн болуп саналат. Бул – мекенинин эркиндиги үчүн өз өмүрүн аябай, согушка аттанган адамдарга таазим этүүчү күн. Бүгүн биздин катарда отурган ардагерлерге бакубатчылык, саламаттык жана сый-урмат каалайм», – деди вице-премьер-министр.

Андан соң Замирбек Аскаров Ош облусунда жашаган 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолукту.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ардагерлерге ыраазычылык билдирип, алардын каармандыгы жана эрдиги жаш муун үчүн үлгү экендигин баса белгиледи.

Замирбек Аскаров согуштун катышуучуларына бекем ден соолук жана узак өмүр каалады, ошондой эле согуш ардагери Абдырайим Шарипбаевге жана Касымбай Жолдошовго материалдык жардам жана эстелик белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий