• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскаров: Региондордогу ишканаларга колдоо көрсөтүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыты

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы астында Ош облусунда ири ишканаларга жардам берүү көрсөтмөлөрүн аткаруунун жүрүшүн талкуулаган кеңешме өттү.

Кеңейтүүгө же жандандыруу иштерине муктаж ишканаларга жардам берүү үчүн кабыл алынган конкреттүү чаралар тууралуу маалыматты уктурулду. Ушундай эле “Кыргыз Текстиль ЛТД“ тигүү фабрикасынын өндүрүштүк линиясы, “Насос заводу – 5” жоопкерчилиги чектелген коому жана 2010-жылы өрттөнүп кеткен “Ош жашылча-жемиш комбинаты” ишканалары кайра жандандырууга муктаж.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча ишканаларды колдоо үчүн системалуу иш жүргүзүү керектигин Замирбек Аскаров эске салды.

“Мамлекет башчысы ишкерлерге конкреттүү колдоо көрсөтүүнү бир нече жолу мамлекеттик органдарга тапшырган. Региондордогу ишканаларга колдоо көрсөтүү Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу башкы багыттарынын бири. Бул үчүн Өкмөт аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзүүчүлөргө, инвесторлорго тиешелүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр. Эсиңерде болсо, Премьер-министр Ош областына жумушчу сапарынын жүрүшүндө ишкерлерге жардам көрсөтүүнү тапшырган. Тилекке каршы, бүгүн мамлекеттик органдар жана компаниялар тарабынан колдоо көрсөтүүлөр жеткиликтүү деңгээлде эмес экени көрүнүп турат”, – деди Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, “Айыл банк”, “РСК банк” ачык акционердик коомдору жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча агенттиги жакынкы убакта жогоруда көрсөтүлгөн ишканаларга финансылык колдоо көрсөтүүлөрдүн иштелген механизмин тапшырышыңар керек.

Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын, каржы-кредиттик мекемелердин жана Ош областындагы ири ишкана жетекчилери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий