• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аскаров россиялык меймандарга КРнын экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» сегизинчи кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын ишине катышты.

Белгилей кетсек, иш-чара Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарынын алдында өтүп жатат.

Россия делегациясынын өкүлдөрү жана башка катышуучулар менен саламдашууда Замирбек Аскаров эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу өлкөлөрдүн жана элдердин мамилелериндеги тарыхый бурулуш болорун белгиледи.

«Конференциянын катышуучуларынын курамы бүгүн чындап Кыргызстан жана Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн жаңы мейкиндиктери ачылып жатканын күбөлөндүрөт. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык, коомдук-саясий жана гуманитардык байланыштарынын тамыры терең жана мурдатан берки өз ара пайдалуу кызматташуу салттарына ээ болуп саналат. Дүйнөлүк финансылык катуу кризистерге карабастан, биздин мамлекеттердин ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттешүүнүн динамикасы улам сайын жаңы багыттарды алууда», - деди вице-премьер-министр.

Андан соң Замирбек Аскаров белгилегендей, республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн жаңы интеграциялык моделине өтүү баскычы болуп калды.

«Мезгил көрсөткөндөй, бул туура жол жана ал Кыргызстан үчүн ар тараптуу өнүгүүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн ачты. Бул өңүттөн алганда Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо тышкы экономикалык саясаттын биринчи орундагы артыкчылыгы болуп саналат жана биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына толук кандуу жооп берет. Биздин мамлекеттердин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүүсүнө оңтойлуу таасир берген негизги факторлордун бири эркин рынок болушу керек деп эсептейм. Тоскоолдуктар жана чектөөлөр канчалык аз болсо, ал ошончолук натыйжалуу иштейт», - деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, Евразия экономикалык комиссиясы продукцияларды экспорттоо жана импорттоодогу тоскоолдуктарды жана артыкча чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштерди тездетүүсү зарыл.

Андан кийин Замирбек Аскаров катышуучуларга республиканын экономикасындагы башкы артыкчылыктуу багыттар тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын ачылышы аяктаган соң вице-премьер-министр Россия Федерациясынын экономика министринин орун басары Тимур Максимов баштаган россиялык делегацияны атамекендик өндүрүштөгү товарлар менен тааныштырды. Көргөзмөнүн жүрүшүндө Замирбек Аскаров россиялык меймандарга Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий