• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскаров: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы аткарылып жаткан иштер сапаттуу болушу керек

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы кооптуу объектерди жеринен көрдү, - деп кабарлайт министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министр Айдаркен шаарынын Октябрь көчөсүндөгү сел жүрүүчү сай жана ички чарбалык жол катары пайдаланып келген ички чарбалык жолго сел өткөрүүчү канал куруу маселесин тиешелүү адистер менен биргеликте кеңешип, күйүүчү май бөлүп берүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, ӨКМ башчысы учурда өлкөнүн түштүк аймагында иш сапар менен жүрөт.

Маалымат үчүн: 2017-жылы болуп өткөн селдин кесепетинен турак-жайлар, тамаркалар, электр мамынчалары жана ички чарбалык жолдор зыянга учураган.

Пикир

Оставить комментарий