• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскаров: Жеке ишкерлерге ар тараптан колдоо көрсөтөлү

Коом 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Кечээ, 20-мартта Ош шаарында айымдардын саркеч кийимдерин саткан жаңы дүкөн ачылды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, Ош ЖИАнын өкүлдөрү жана мүчөлөрү, шаар тургундары катышты.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров ачылуу аземине катышып, жеке ишкерлерди ар тараптан колдоо жергиликтүү бийликтин жана шаардыктардын милдети экендигин белгилеп өттү.

“Ош шаарынын мэриясы жеке ишкерлерди колдоого дайым даяр жана колдоп келе жатабыз. Ал эми шаардыктар тараптан алар саткан продукцияны сатып алсак ошол колдоо. Бүгүнкү ачылып жаткан Ал-Фараби дүкөнү, айымдардын купулуна толгон, сапаты жагынан да өзгөчөлөнгөн жай болуп, шаардыктарды жумуш орун менен камсыздайт”, - деди З.Аскаров.

Расмий бөлүгүнөн соң, жалпы шаардыктар, келген коноктор дүкөн менен кеңири таанышты.

Пикир

Оставить комментарий