• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскарова: Бир топ мыйзамдар өнүгүүгө тоскоол болгон, аларды бюрократизациядан арылтабыз

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир топ мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар топтолуп, өз кезегинде өнүгүүгө тоскоол болуп саналат. Ушуга байланыштуу биз мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды бюрократизациядан арылтууга бара жатабыз. Мындай билдирүүнү бүгүн юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 8-февралында президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин алдына мыйзамдардын ишин жакшыртуу жана оптималдаштыруу максатында бардык мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды, ошондой эле жарлыктарды жана токтомдорду масштабдуу инвентаризациялоодон өткөрүү боюнча так тапшырма койгон.

“Президенттин тапшырмасы бардык мыйзамдарга сапаттуу анализ жүргүзүүгө багытталган. Тапшырмада инвентаризация ачык-айкын, калыс, эң негизгиси мезгил талабы, элдин мүдөөлөрү менен жүргүзүлүшү керектиги да так белгиленген. Буга байланыштуу ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген. Топтун курамына жарандык коомдун, бизнес түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана эксперттер да кирди”, - дейт ал.

Аскарова инвентаризациянын жыйынтыгында бир катар мыйзамдарда бюрократия аныкталып, мыйзамдар болушунча жөнөкөйлөтүлүп жатканын кошумчалады.
“1991-жылдан бери президенттин 285 жарлыгы, өкмөттүн 2 миң 875 токтому күчүн жоготту”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий