• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аскер дарыгерлери “Тамга” аскердик санаторийинде реабилитациядан өтүшөт

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин түндүк жана түштүк аймактарындагы аскердик-дарылоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери 2020-жылдын 14-августунан 29-августуна чейин “Тамга” аскердик санаторийинде реабилитациядан өтүшөт. Бул тууралуу чечим КР Өкмөтүнүн протоколдук тапшырмасынын негизинде кабыл алынган, деп кабарлайт комитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ден соолугун чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө июнь айынан бери Бишкек жана Ош шаарларындагы аскер госпиталдарынын "кызыл зонасында" үзгүлтүксүз жүргөн, аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле коронавирустук инфекциясы бар кызматкерлерге кесиптик жардам көрсөткөн медициналык кызматкерлер ээ болушат.

Бир катар реанимациядагы дарыгерлер, терапевттер жана анестетикалык медайымдардан турган Россиянын аскердик дарыгерлери COVID-19 менен күрөшүүдө кыргыз кесиптештерине чоң колдоо көрсөтүштү, алар бейтаптардын дарылануусун талдап, дарылоо алгоритмине оңдоолорду киргизип, бейтаптарды күнү-түнү көзөмөлдөп турушту. “Тамга” аскер санаторийинде алар үчүн да эс алуу уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий