• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аскер институтунда келечектеги офицерлер менен студент кыздардын катышуусундагы “Курсанттык бал” өттү

Коом 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. Кечээ, 22-февралда Мекен коргоочулардын майрамын утурлай Куралдуу күчтөрдүн К.Усенбеков атындагы Аскер институтунда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата келечектеги офицерлер менен Кыргыз улуттук медициналык академиясынын студент кыздарынын катышуусундагы “Курсанттык бал” болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сө кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага аталган окуу жайлардын жетекчилери, ардагерлер, өздүк курам менен катар атайын чакырылган коноктор катышты.

Салтанаттуу аземде курсанттар менен дарыгер кыздардын бийинен тышкары, патриоттук сезимди ойготкон кайрыктар жаңырды.

Иш-чаранын соңунда окууда жана кызматында артыкчылык көрсөткөн курсанттар менен офицерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий