• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аскер институтунда мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-сентябрында КР Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аскер институтунун башчысы Канагат Уразбеков мамлекеттик тил күнүнүн 32 жылдыгы менен өздүк курамды куттуктап, үзүрлүү эмгек өтөгөн аскер кызматчыларына жана жарандык кызматчыларга алкыш жарыялап, ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Кутмырза Жакыбалиев дагы өздүк курамды тил күнү менен куттуктады.

Иш чара «Тил тагдыры – эл тагдыры» деген темадагы конкурс менен уланып, ага 1, 2, 3, 4-курстун курсанттарынан турган командалар 3 номинацияда ат салышты. Жыйынтыгында 1, 2, 3-орундар аныкталып, аларга жетекчилик тарабынан грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий