• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аскер институтунда Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болду

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Аскер институтунда Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болду.

Эскерүү иш-чарасы Аскер институтунун башчысынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары полковник Нурбек Рыскуловдун жетекчилигинде уюштурулду.

Аталган иш-чарага КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Аскер институтунун жетекчилиги жана ѳздүк курамы, ошондой эле Куралдуу Күчтѳрдүн жана Ооган согушунун ардагерлери чакырылды.

"Алар генерал-майор Мелс Бекбоев, полковник Сатыбек Молдалиев, полковник Таалайбек Шатемиров, полковник Эркин Жуматаев жана "Караван тобу". Иш-чаранын жүрүшүндѳ Ооган согушу жѳнүндѳ документалдык тасма тартууланды", - деп айтылат маалыматта.

Салтанаттуу аземди Аскер институтунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Бекказы Түмѳнбаев ачып, Ооган согушунун ардагерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктады. Андан соң Аскер институтунун 2019-окуу жылына карата түзүлгѳн плананын негизинде Ооган ардагерлери курсанттарга "Эрдик сабагы" катары бул апаат согушта башынан кечирген окуялардан айтып беришип, мекенчилдикке чакырып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий