• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аскер институтунда Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбековдун эстелигине гүлчамбар коюлду

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Кечээ, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда согуштун ардагерлерин эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Анда Аскер институтунун аймагында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбековдун эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

Иш-чарада Аскер институтунун башчысынын МУА полковник Д.Полотов жана генерал-лейтенант К. Үсөнбековдун жубайы С.Миристемова генерал-лейтенант К. Үсөнбековдун 1941-1945 жылдарындагы эрдигин эч качан унутулбастыгын, бүгүнкү жаштарга үлгү боло тургандыгын баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий