• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскер институтунун курсанттары Айтматовдун 90 жылдыгын белгилешти

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Айтматов ааламы» аттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Аскер институтунун, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Аскер институтунун ѳздүк курамы, окуу процессинин камсыздоо батальонунун жоокерлери жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери күбѳ болушту.

"Аталган иш-чаранын жүрүшүндѳ Ч.Айтматовдун ѳмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу катышуучуларга видеотасма тартууланды. Ошондой эле жазуучунун элесине арналган Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча сюжеттер театралдаштырылып аткарылды", - деп айтылат маалыматта.

Андан соң курсанттар тарабынан атайын даярдалган чакан концерттик программа тартууланган.

Пикир

Оставить комментарий