• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Аскер курулуш” жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. “Аскер курулуш” жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары Куралдуу Күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттык казармасын курууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын максатсыз пайдаланышкандыгы аныкталган.

Атап айтканда, 2017-2019-жылдар аралыгында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жогорудагы казарманы куруу үчүн “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын эсебине 183 млн сомдон ашык акча каражаты которулган. Бирок, жогорудагы суммадан 156 млн 616 миң 731 сомго гана курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, ал эми калган 26 млн 734 миң 448 сомдук бюджеттик каражат “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан максатсыз пайдаланылган. Натыйжада, финансалык каражаттарынын жетишсиздигинен улам, курсанттык казарманын курулушу негизсиз токтотулган.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жана Коргоо министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий