• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аскер кызматчылары президенттин энчилүү сааттарын алышты

Президент 0


Бишкек, 29-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык коргоо жөндөмдүүлүгүн чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 25 жылдыгынын урматына аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалдары, Ардак грамоталары жана энчилүү сааттары менен сыйлады.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей «Данк» медалы менен:

- полковник Камчыбеков Зыябек Бейшебекович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын инженердик башкармалыгынын начальниги;

- полковник Козубаев Медербек Артыкович, 02626-аскердик бөлүгүнүн штабынын начальнигинин орун басары – оперативдик бөлүмдүн начальниги;

- полковник Орозматов Кубанычбек Апазович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин биринчи орун басары;

- полковник Рыскулов Нурбек Жакшылыкович, 99718 -аскердик бөлүгүнүн тарбия иштери бөлүмүнүн начальниги;

- полковник Эркинбаев Санжар Нуралиевич, 714-аскердик бөлүгүнүн командири.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

- полковник Денисов Юрий Владимирович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы оперативдик башкармалыгынын стратегиялык пландоо башкармалыгынын начальниги – Башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары;

- полковник Калчороев Акимали Чононович, 97632- аскердик бөлүгүнүн командири;

- подполковник Кахаров Ильяс Бекболотович, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин оорук башкармалыгынын мүлк бөлүмүнүн начальниги;

- полковник Асанбекова Римма Султашевна, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын финансы-экономикалык башкармалыгынын пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн начальниги;

- полковник Сагынбаев Талайбек Алайчиевич, 02626 аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары;

- полковник Шаршембиев Руслан Ырсалиевич, Бишкек гарнизонунун Аскер коменданты – башкармалыктын начальниги сыйланышты.

Мамлекет башчысы кол койгон буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 25 жылдыгынын урматына төмөнкү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланды:

- полковник Ажиев Шайлообек Турсунбекович, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин куралдануу башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги;

- капитан Бекбашев Джайлообек Мухтарович, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2062-аскердик бөлүгүнүн командири;

- подполковник Сайдинов Кенешбек Токушович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 30295-аскердик бөлүгүнүн штабынын начальниги;

- майор Атакулов Жакшылык Эсенбекович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565-аскердик бөлүгүнүн авиациялык-транспорттук эскадрильясынын штабынын начальниги;

- полковник Алайчиев Усен Камбарович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 718- аскердик бөлүгүнүн командири.

Пикир

Оставить комментарий