• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскер кызматчыларынын кургак учук оорусун массалык түрдө жуктуруп алуу фактысы иликтенүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Аскер кызматчыларынын кургак учук оорусун массалык түрдө жуктуруп алуу фактысы иликтенүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-мартында Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде 12 аскер кургак учук оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынын кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган фактысы боюнча КР Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиялык экспертизалар дайындалып, учурда алардын жыйынтыктары күтүлүүдө.

Азыркы маалда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий