• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ««Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн адамдар Кыргыз Республикасынын башталгыч, кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык укукка ээ.

Мындан тышкары жаңы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы 3 жыл ичинде жарактуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий