• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аскер кызматкерлери үчүн пенсиялык саясат кайра каралат

Коом 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Аскер кызматкерлери үчүн пенсиялык саясат кайра каралат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Ал белгилегендей, бул жерде бирдиктүү саясат жүргүзүү үчүн пенсия берүү маселесин бир мекемеге берүү тууралуу сөз болууда.

"Ар бир мекеме мыйзамга ылайык өзүнүн пенсиялык саясатын жүргүзөт", - деди ал.

Ошондой эле аскерлерге теңештирилген айрым министрлик жана мекемелерди ал катардан чыгаруу сунушталууда. Алсак, сөз Мамлекеттик бажы кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, прокуратура, атайын байланыш жаан өрт кызматы тууралуу болууда.

"Ошондой эле аскер кызматкерлерин камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотпоо сунушталууда. Андан тышкары, эмгек стажын көтөрүү сунушталууда. Бүгүнкү күнү пенсияга чыгуу үчүн 20 жыл кызмат өтөө керек. Себеби, аскер кызматында 1 жыл 1,5 жыл болуп эсептелет. Ал боюнча да талкуу болот", - деди ал.

Анын айтымында, бул маселе аскерлердин пенсиясына карата көп сын айтылгандыктан каралууда.

Аскер кызматкерлери үчүн пенсия маселесин ЖКнын социалдык маселе, билим берүү, илим жана маданият комитетинин чечими менен түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топ карайт.

Пикир

Оставить комментарий