• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аскер кызматкерлери колдонуучу атайын каражаттардын тизмеси, аларды сактоо тартиби – түшүндүрмө

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 145 токтомуна тийиштүү төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Аталган токтом «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамын аткаруу максатында кабыл алынган, ага ылайык аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеси жана аларды сактоо тартиби КР Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.

Ошону менен бирге белгилей кетүүчү маанилүү нерсе, атайын каражаттарды колдонуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан эмес, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн тармактык мыйзамдары менен аныкталат.

Баса белгилей кетсек, күч түзүмдөрүнүн бардык тармактык мыйзамдарында тынчтык митингдеринин жана жыйындарынын катышуучуларына карата атайын каражаттарды колдонуу каралган эмес.

Пикир

Оставить комментарий