• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин, мыйзам аркылуу аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекетик органдарындагы жана башка аскер түзүмдөрүндөгү аскер кызматкерлеринин тамактандыруусун уюштурууну жакшыртуу жана тартипке келтирүү максатында, «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Кабыл алынган чечимге жараша паектун бардык түрү жогорулатылган, анын ичинде жалпы аскердик паек, дарылануу паегу, жалпы аскердик кургак паек, бийик тоодогу кургак паек, түнкү паек жана учкучтук паек жогорулатылды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, аскерлердин рационуна колбаса азыктары, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тийиштүү токтому үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий