• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Башкы прокуратура: Аскер прокуратурасы 20 млн сомдук зыянды мамлекетке кайтарган

Коом 0

Бишкек, 23.12.20./Кабар/. Аскер прокуратурасы 20 млн 328 миң 757 сомдук зыянды мамлекетке кайтарган, - деп билдирет Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон жазык иштеринин тергөөсү солгундап, жыйынтык чыкпай жаткандыгы туурасында маалыматтар таркатылууда.

​2015-2020-жылдар аралыгында Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата 21 жазык иши тергелип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 20 млн 328 миң 757 сомду түзгөн материалдык зыян ордуна коюлган.

Ал эми тергөөнүн жүрүшүндө 13 жазык иши бир өндүрүшкө бириктирилип, анын жыйынтыгы менен 7 жазык иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш кыскартылган. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына карата жазык иштер жок.

Пикир

Оставить комментарий