• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аскерде кызмат кылган жигиттер үчүн ЖРТнын жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбаев А.М., Акаев Ж.К. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

3-окуудагы мыйзам долбоорун жыйынга Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев алып чыкты.

Азыркы учурда жоокерлерибиз кызматын өтөп бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) тапшырууда кыйынчылыктарга туш болууда. Жогорку окуу жайларга тапшырууда жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми анын жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу. Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу ЖРТнын жыйынтыгын 2 жылга жарактуу болгондой түзөтүүлөр сунушталган.

Мыйзам долбоору 1-окууда каралгандан кийин депутаттар Каныбек Иманалиев менен Улан Примовдон аскерде кызмат кылган балдар үчүн ЖРТнын жыйынтыгын 3 жылга чейин жарактуу кылып көбөйтүү сунуштары келип түшкөн. Мындай сунуш күз мезгилинде аскерге чакырылган балдар үчүн ЖРТнын жыйынтыгынын 2 жылдык мөөнөтүндө ЖОЖдорго тапшырууга жетишпей калат. Мындан сырткары, мыйзам долбоору менен ЖОЖдорго өтүүдө ЖРТнын жыйынтыгында окшош балл болуп калган учурларда артыкчылык аскерде кызмат өтүп келгендерге берилерин белгиленген ченем киргизилүүдө.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий