• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскердик кеңешчилерге кошумча төлөмдөр каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

“Негизги сөз – аскер кеңешчилери тууралуу болуп жатат. Алар Афган согушуна катышкан ардагер катары мамлекеттен жөлөкпул алып келишкен. Бирок, 2009-жылы бул мыйзам өзгөрүп, жөлөкпул төлөнбай калган” – деди демилгечи депутат К.Рыспаев. Анын себеби, Өкмөт жана финансы министри каржы маселесинин тартыштыгын айтышкан. Учурда аскердик кеңешчи ардагерлерден 3 гана адам калган. Мындан улам, алардын эмгеги бааланып, кайрадан жөлөкпул төлөнсүн деген максатта даярдалган мыйзам долбоору комитеттин жактыруусуна ээ болду.

Сунуш кылынган Мыйзам долбоору менен “Согуштун ардагерлери жөнүндө” КР Мыйзамына башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине катышкан мурдагы Советтик кеңешчилерге ошол эле согуштук аракеттердин башка катышуучулары менен катар социалдык кепилдиктерди алууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизүү каралууда.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ушул Мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан республикалык бюджеттен каржылоо булагы аныкталгандан кийин кабыл алынышы мүмкүн, бул максатта керектелүүчү сумманын жылдык өлчөмү 216 миң сом деп эсептелүүдө.

Демилгечинин айтымында, 1978-жылдын ноябрынан тартып 1988-жылдын октябрын кошуп алганда партиялык кеңешчилер Афганистанда болушкан. Бул топтордо бардык мезгилде 316 партиялык кеңешчи, КПСС БКнын Коомдук илимдер академиясынын 45 кеңешчи-окутуучусу, 150 комсомолдук кеңешчи иштеген. Кыргыз ССРинен бардыгы 4 партиялык кеңешчи жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий