• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскердик окуу борборунда заманбап казарма ачылды

Коом 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Чүй облусунда КР КК БШ Кургакта жүрүүчү аскерлеринин “Ала-Тоо” окуу борборунун казармасы ачылды. Бул тууралуу Кургакта жүрүүчү аскерлердин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, иш чарага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник Мирбек Касымкулов, ошондой эле Кургакта жүрүүчү аскерлердин штабынын офицерлери катышышты.

“Казарма 120 орунга ылайыкташып, аянты 1 миң 200 чарчы метр. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 35 млн сом бөлүнгөн”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

М.Касымкулов белгилегендей, бул бардык шарттары бар заманбап казарма Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына жагымдуу белек болду.

Пикир

Оставить комментарий