• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде 2021-2022-окуу жылында аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аскердик окуу жайлардын тизмеси, бөлүнүп жаткан окуу орундарынын болжолдуу саны жана аскердик окуу жайларга тапшыруу шарттары жөнүндө маалымат КР КМ расмий сайтындагы (www.mil.gov.kg) «Билим берүү» бөлүмүндө жайгаштырылган

Аскердик окуу жайларга тапшырууну каалагандар КР КМ расмий сайтындагы аталган бөлүмүндө онлайн регистрация өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы керек.

Документтерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий