• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россия Федерациясынын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу менен жолугушту. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана андан ары өнүгүүсү жөнүндө пикир алмашты. Ошондой эле Борбордук Азия регионунда стабилдүүлүктү сактоо жана коргоо тармагындагы маселелеринде бирге аракеттешүүсү талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары учкучсуз учуучу аппараттарын пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө Протоколго жана 5 жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү Программасына кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий